Меню

Конкурстук негизде эт продукциясын сатуу боюнча өнөктөштөрдү тандоо

01.10.202627

 

БИЛДИРҮҮ

«КЫРГЫЗ АГРОХОЛДИНГ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН

«Эт жана эт азыктарын «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын адистештирилген соода түйүндөрү аркылуу сатууну уюштуруу боюнча өнөктөштөрдү тандоо өткөрүү жөнүндө»

«Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому (мындан ары – Коом) «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын адистештирилген соода түйүндөрү аркылуу эт жана эт азыктарын сатууну уюштуруу боюнча өнөктөштү тандоо Регламентине ылайык, «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын адистештирилген соода түйүндөрү аркылуу эт жана эт азыктарын сатууну уюштуруу боюнча өнөктөштөрдү тандоо өткөрүлөрүн жарыялайт.

1. Тандоонун предмети

«Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын адистештирилген соода түйүндөрү аркылуу эт жана эт азыктарын сатууну уюштурууну камсыз кылуу үчүн өнөктөштү аныктоо.

2. Тандоону өткөрүүнүн максаты

«Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын адистештирилген соода түйүндөрү аркылуу эт жана эт азыктарын сатууну уюштуруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык, материалдык-техникалык жана кадрдык мүмкүнчүлүктөргө ээ, ошондой эле Коом үчүн кыйла натыйжалуу шарттарда иш алып бара ала турган өнөктөштү аныктоо.

3. Адистештирилген соода түйүндөрү жөнүндө маалымат

Тандоо «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын адистештирилген соода түйүндөрүнүн ишин уюштурууну камсыз кылуу үчүн өнөктөштү (өнөктөштөрдү) аныктоо максатында өткөрүлөт.

 

Конкурстук негизде эт продукциясын сатуу боюнча өнөктөштөрдү тандоо