ЖАРЫЯ
биргелешкен ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн
өнөктөштөрдү тандоо жөнүндө
«Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 токтомуна жана өнөктөштөрдү тандоо Регламентине ылайык, мамлекеттик операторго («Кыргыз Агрохолдинг» ААК) бөлүнгөн тарифтик квоталардын алкагында канаттуулардын этин импорттоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүнчүлүгү жетиштүү эски өнөктөштөрдү тандоо жүргүзүлөрүн жарыялайт.
- Тандоонун предмети:
Берилген тарифтик квоталардын алкагында жеткирүүчү өлкөлөрдөн канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0207) импорттоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн өнөктөштөрдү тандоо.
- Талапкерлердин категориясы:
Тандоого Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, мурда көрсөтүлгөн товарды олуттуу көлөмдө импорт кылган эски жеткирүүчүлөр — юридикалык жактар жана/же жеке ишкерлер катыша алышат.
- Тарифтик квотанын көлөмү:
Ушул тандоонун алкагында бөлүштүрүлө турган тарифтик квотанын жалпы көлөмү 4000 (төрт миң) тонна канаттуулардын этин түзөт.
- Талапкерлерге коюлуучу талаптар:
Катышуунун милдеттүү шарты болуп, сактоо көлөмүнө ылайык келген кампа жайларынын болушу саналат, ал тиешелүү кароо актысы менен жазуу түрүндө ырасталууга тийиш.
- Арыздарды берүү тартиби жана мөөнөттөрү:
Тандоого катышуу үчүн арыздар жана коммерциялык сунуштар төмөнкү мөөнөттөрдө кабыл алынат:
• 2026-жылдын 12-август саат 09:00дөн баштап
• 2026-жылдын 18-август саат 15:00гө чейин
Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «А», 7-кабат, 704-кабинет, «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын кеңсеси.
Сунуштарды берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеси тиркелет.